www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы бир жылда эле “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине карата он кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу “Республика – Ата-Журт” фракциясынын парламенттик отурумунда МИ нын директору Марс Наспеков билдирди.

Анын айтымында, “Кыргыз почтасы” системаны автоматташтырып, акчаны накталай эмес банк аркылуу берүү системасына өтүүгө камылга көрүүдө.

“Так ушул накталай акча биздин кызматкерлерди азгырып жатат. Азыр Дүйнөлүк банктын долбоору менен системаны автоматташтырууга иштерин жүргүзүүдөбүз. Эгер, пенсияны банк аркылуу кылып сала турган болсок, акча ээлеринен башкаларга ал акчага тий албай калышат”, - деп айтты Наспеков.

Маалыматка ылйык, 2018-жылы эле козголгон кылмыш ишинен акча жымыруунун суммасы 4 миллионго жеткен.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости