www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 6-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгынын аймагында автоунааны тапшыруу аземи болуп өттү.

Автоунаанын ачкычтарын тапшыруу аземинде Мирлан Исагалиев белекти чын дилинен берип жаткандыгын айтып, ички иштер органдарында кырк жылга жакын тергөөчү болуп иштеген кайын атасы Сапардин Аскаровдун жаркын элесине арналгандыгын билдирди.

Акыркы жылдары ал ооруп калгандыктан ИИМдин ооруканасы дарылануусуна жардам берип карап келишкендигин эскерди.

Оорукананын азыркы абалын көрүп, жабдыктар менен техникалар жетишпегендигине байланыштуу Мирлан Исагалиев ак халатчандарга - жардам берүүнү чечкен. Эки чөйрөдө-укук коргоо органдары менен саламаттык сактоодо иштеген адамдар оор учурда ар убак жардамга келип, кызмат көрсөтүшөөрүн билдирди. Ал милиция кызматкерлерин дарылануусун камсыздап келишкен доктурларга жардам берүү өзүнүн парзы экендигин ойлогон. Аталган тез жардам автоунаа милиция кызматкерлерин жана ички иштер органдарынын ардагерлерине кызмат көрсөтөт.

ИИМдин Медициналык башкармалыгынын башчысы, милициянын подполковниги Нурдин Метеров өзүнүн жааматынын атынан Исагалиевге ыраазычылыгын билдирип, аталган автоунаа менен доктурлар милиция кызматкерлеринин өмүрү менен ден соолугун сактоодо болгон күчтөрүн жумшаарын айтып кетти.

Эми чакырууларга барууда жана аларга жардам көрсөтүүдө жеңилдиктер болуп, айрым учурларда атайындаштырылган медициналык мекемеге жеткирүүгө болот. Иш-чаранын аягында Мирлан Исагалиевдин кайын атасы Сапардин Аскаровдун атына куран түшүрүлүп, ал эми Медициналык башкармалыктын ардагерлери ишкерге баталарын беришти, деп ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости