www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Ар бир элдин, өлкөнүн улуттук сыймыгына айланган улуу инсандары болот экен. Алар ал-күчүнө  толуп турган учурда өлкөгө чоң кызмат кылып, эли-журтун зор сыймыкка бөлөйт турбайбы. Дал ошондой элибиздин мактанычына, өлкөбүздүн сыймыгына айланган улуу инсандарыбыздын бири СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, даңазалуу кинорежиссер Шамшиев Болот Төлөнович экендиги талашсыз. Болот Шамшиев жалпы журтубузга белгилүү кинорежиссер Л.Шепитьконун «Аптап» көркөм фильминде Кемелдин ролун мыкты деңгээлде аткаргандыгы менен таанылган. Кийин Бүткүл союздук кинематография институтун аяктап, «Манасчы», «Чабан», «Караш-Караш окуясы», «Ысык-Колдун кызгалдактары», «Ак кеме», «Эрте жаздагы турналар», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Бөрү зындан», «Снайпер» сындуу өтө бийик деңгээлдеги көркөм жана даректүү тасмаларды элибизге тартуулады. Аталган тасмалар ааламдын ар тарабындагы абройлуу фестивалдарда баш байгелерди багындырып, ири сыйлыктарга ээ болуп, өлкөбүздү зор сыймыкка бөлөгөн. Ушул фильмдерде ойногон артисттердин, иштеген киночулардын алды СССРдин эл артисти наамына ээ болсо, аягы өз өлкөбүздүн ото жогорку сыйлыктарына татыган. Болот Төлөнович өзүнүн кудайдан берилген жаркын таланты менен дүйнөнү таң калтырган «Кыргыз кереметин» жаратуучулардын башында турарын айта кетүүбүз абзел.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Биз, элибиздин келечеги үчүн күйгөн, өзүн өлкөнүн патриоту катары сезген Кыргызстандын жарандары Сизден СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, атактуу кинорежиссер, керемет талант, кеменгер инсан Шамшиев Болот Төлөновичке Кыргыз Республикасынын баатыры наамын ыйгарууңузду өтүнөбүз. Болот Шамшиев эл-жерине, өлкөсүнө  өзүнүн зор салымын кошкон, журтубуздун руханий байлыгын арттырууга опол тоодой ири эмгек жумшаган, аталган бийик наамга ар тарабынан татыктуу инсан деп эсептейбиз. Ушул кезде, коомчулукта наамдарга болгон ар кандай сын-пикирлердин, талкуулардын болуп жаткандыгы, ар кандай сыйлыктар, наамдар бир доордун жаратманы болгон Болот Шамшиевдей инсандардын бааланбай жатышынан улам да пайда болуп жаткандыгын белгилеп айткыбыз келет. Бул кайрылуу буга чейин социалдык түйүндөрдө жарыяланып, Кыргызстандын коомдук ишмерлери, маданият кызматкерлери, акын-жазуучулары, саясий ишмерлери жана башка ар кыл тармактын миңдеген өкүлдөрү тарабынан колдоого алынып, көрүнүктүү кино жаратманы Болот Шамшиевдин көзү тирүүсүндө кадырлап, алышыбыз керектигин жана Кыргыз Эл Баатыры наамын берүү тууралыгын билдиришкен.

Жолборс Жоробеков, Каныбек Осмоналиев, Зайнидин Курманов Осмонакун Ибраимов, Каныбек Иманалиев, Амантай Кутманалиев, Роза Таберикова, Адылжан Жажанов, Мурат Жетимишбаев, Абдуламит Жумашов, Кубат Болотканов, Түмөнбай Колдошев, Азизбек Келдибеков, Айдай Чотуева, Эмилбек Момунов, Азамат Кыязов, Нурлан Калыбеков, Рита Казиева, Данияр Исанов, Манас Осмон, Булан Бектеналиев, Алымкул Исаков, Асылбек Маратов, Максат Кулуев, Замир Мырза, Асан Турсункулов, Дамирбек Нарматов, Алмаз Турдумаматов, Эрнис Кыязов, Айнура Токтошева, Кумар Эргешова, Кунболот Момоконов, Гүлжан Шерипбаева....

Тизмеде 549 адам бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости