www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы «Кыргыз темир жолу» ишканасында жемкорлуктун изин аныкташты.

Маалыматка караганда, 150 универсалдуу жарым вагонду 432 миллион сомго сатып алуу боюнча сынак өткөрүүдө мыйзам бузулган.

Тендерде, жарым вагондун бир даанасын 35 миң доллардан сунуш кылган компания тандалып алынбай, 41 миң доллардан саткан ишкана жеңүүчү деп табылган. Анын артынан мамлекеттик бюджет 69 миллион сомго зыян тарткан. Буга «Кыргыз темир жолу» ишканасынан жооп боло элек.

Аталган факт  Жазык кодексинин «Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу» беренесинин негизинде каттоого алынды. Тергөөнү УКМКнын Тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости