www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Малаховдун кыргыздар тууралуу айтканын сөзүнө кыргыздардын кыжыры кайнаса, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги эптеп-септеп үн катып койду. Тилекке каршы Малахов өзү кечирим сурай элек!
Россия Федерациясына караштуу Екатеринбург шаарында окуп жаткан Калыйнур Калмурза уулу өзүнүн пикирин билдирди.
--Берүүнүн аты "Пусть говорят", Малахов өзү баш болуп «пусть» сүйлөп койду. Бирок, бүтүндөй бир өлкөнүн элин жерге тепсеп салды. 100 миң $ берсе булар баардык ишке барат - дейт бечара. Кыргыз үчүн арам акчадан, адал эмгек жогору турарын бул «шоумен» кайдан түшүнсүн. Буга чейин бир эмес 2 жолу кыргыз таксистер миллиондорду ээлерине кайтарып бергенин эстеп да койгон жок. Акча берип текшерип көрбөйбү кыргыз балдарды, эмне кылар экен....
Программаны көрүп чыктым. Эптеп кайтыш болгон баланын энесин "бул буйрутма болушу мүмкүн" - деп ынандырууга берүү бүткөнчө аракет кылды. Башкысы дискуссияны кызытуунун үстүндө болду. Бул профессионал журналистин коммуникацияны куруудагы манилүү стратегиясы, бирок өзү кошулуп каналдан бүтүндөй элди жамандоо бул жакшы эмес. Адлеттик болгон жок! Малаховдун ИНСТАГРАМДАГЫ malakhov007 баракчасына "пожаловатьсяны" басып баракчасын өчүрүп салалы ”, - деди Калыйнур Калмырза уулу.
Эске сала кетсек, кечээ 26-сентябрда Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилиги Фейсбуктагы Посольство России в Киргизии - Россиянын Кыргызстандагы Элчилиги расмий баракчасында Андрей Малаховдун кыргызстандыктар тууралуу айткан сөзүнө «Теле алып баруучу Андрей Малаховдун сөздөрү боюнча бир гана нерсени айтса болот: адамды таарынтуу оңой, бирок ошол жүк менен жашоо оор. Эгер бүтүндөй элди мазактаган болсоң, андан бетер...», - деп пикирин билдирген.
24-сентябрь күнү Андрей Малахов «Прямой эфир» көрсөтүүсүндө “бул жол кырсыгы кокустук эмес, буюртма киши өлтүрүү болушу мүмкүн”, деп айтып “10 долларлык айлыкка иштеген кыргызстандыктар 100 миң доллар үчүн баардык нерсеге даяр деген таш ыргыткан.
Булак: NazarNews.kg