www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда билим берүү тармагы он тогузунчу кылымдын аягында жандана баштайт. Бирок туташ сабаттуулукту жоюу жок болгон, бир аймактагы бирин – экин медреселерде математика, географиядан башка диний багыттагы сабактар араб тилинде окутулган. Ошондуктан, окуучулар үчүн татаал араб грамматикасын окуп үйрөнүү  кыйындыкты туудурган. Совет мамлекети орногон соң сабатсыздыкты жойууга же “ликбезге” өзгөчө көңүл бурула баштайт. Кыргыздар 1929 –жылы араб алфавитинен латын алфавитине өтүшөт. Бул да абдан кыйындыкты туудурган араб алфавитинде сабатсыздыгын жойгондор, кайрадан латын арибинен сабатсыздыгын жоюш керек болгон. Латын алфавитине көнүп бараткан соң 1941-жылы январында Улуу Ата-Мекендик согуштун алдында, кыргыздар орус алфавитине өтүшүп, ошондон бери орус алфавитин же кириллицаны колдонобуз.

Биз менен бир мезгилде орус арибине өтүшкөн Өзбекстан латын алфавитин кайрадан өтүштү, Казакстан латын алфавитине өтүүгө даярданып жатышат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости