www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Төлөгөн Касымбековдор кыргыз элине гана эмес, бүт түрк дүйнөсүнө таанымал белгилүү гений калемгерлер. Тургунбай Садыков, Сабира Күмүшалиева, Асанхан Жумакматов, Дооронбек Садырбаев, Бексултан Жакиев  кыргызга кеңири аты чыккан адамдар. Салижан Шарипов Кыргызстандан чыккан космонавт.Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Исхак Раззаковдор республиканын жетекчилери, Мамбет Мамакеев, Эрнст Акрамов, Миталип Мамытов белгилүү ден соолук жарчылары, Таштанбек Акматов советтик эки жолку Баатыр, Жусуп Мамай кытайлык мыкты манасчы.

Акаевге тааныштык кылып Курманбек Арыков менен Акбарали Кабаев Баатырлыкты алышыптыр. Алиясбек Алымкулов кайсы эрдиги менен Баатыр болгон? Убактылуу өкмөткө министр болгону үчүнбү, эгер Бакиевди кетиргени үчүн баатыр болсо анда жүздөгөн адамга бериш керек эмес беле, уялбай Таласка өзүнө бюст орнотуп алды.

Баатырлыкты берүү да саясатташып кеткенби, “Баатыр” болсун деп депутат Сайдулло Нышанов айтып койсо эле Атамбаевге “Баатырдыкты” бериптир, мүмкүн кийин Кой-Таштын “Баатыры” болот деп бергендир, бирок ошол “Баатырдыгын” эл алдында алды болду бекен?  

  1. Чыңгыз АЙТМАТОВ, жазуучу, 1997-жылдын 4-февралдагы Жарлык менен;
  2. Тургунбай САДЫКОВ, скульптор1997-жылдын 4-февралдагы Жарлык менен;
  3. Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ, жазуучу, 1997-жылдын 4-февралдагы Жарлык менен;
  4. Салижан ШАРИПОВ, космонавт, 1998-жылдын 3-февралдагы Жарлык менен;
  5. Турдакун УСУБАЛИЕВ, 1999-жылдын 14-октябрдагы Жарлык менен;
  6. Сабира КҮМҮШАЛИЕВА, артистка, 2000 -жылдын 20- августундагы Жарлык менен;
  7. Курманбек АРЫКОВ, курулушчу, 2002 - жылдын 22- августундагы Жарлык менен;
  8. Акбарали КАБАЕВ, курулушчу, 2002 - жылдын 22- августундагы Жарлык менен;
  9. Асанхан ЖУМАКМАТОВ, композитор, 2003-жылдын 26- январындагы Жарлык менен;
  10. Мамбет МАМАКЕЕВ, хирург, 2004 -жылдын 24-ноябрындагы Жарлык менен;
  11. Абсамат МАСАЛИЕВ, 2005-жылдын 25 -июнундагы Жарлык менен;
  12. Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, акын, 2006-жылдын 31-октябрындагы Жарлык менен;
  13.  Сооронбай ЖУСУЕВ, акын, 2007-жылдын 16-февралдагы Жарлык менен;
  14. Төлөгөн КАСЫМБЕКОВ, жазуучу, 2007-жылдын 16-февралдагы Жарлык менен;
  15.  Эрнст АКРАМОВ, хирург, 2009 -жылдын 20-ноябрындагы Жарлык менен;
  16. Күлүйпа КОНДУЧАЛОВА, 2010-жылдын 18-сентябрындагы Жарлык менен;
  17. Дооронбек САДЫРБАЕВ, 2010 -жылдын 27-октябрындагы Жарлык менен;
  18. Исхак РАЗЗАКОВ, 2010-жылдын 29-декабрындагы Жарлык менен;
  19. Алиясбек АЛЫМКУЛОВ, министр, 2011-жылдын 28-августундагы Жарлык менен;
  20. Бексултан ЖАКИЕВ, драматург, 2011-жылдын 28-августундагы Жарлык менен;

 

  1. Миталип МАМЫТОВ, хирург, 2011-жылдын 28-августундагы Жарлык менен;
  2. Таштанбек АКМАТОВ, фермер, 2013-жылдын 12- мартындагы Жарлык менен;
  3. Жусуп МАМАЙ, 2014 -жылдын 30-майындагы Жарлык менен;
  4. Алмазбек АТАМБАЕВ, депутат Сайдулло Нышановдун сунушу боюнча, 2017-жылдын 27-ноябрындагы Жарлык менен;

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости