www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Азербайжан, Россиянын президенттери жана Армениянын премьер-министринин үч тараптуу макулдашуусун колдойт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

"Россия Федерациясынын көмөгү менен аскерий жаңжал токтоп, саясий жөнгө салууга өтүү башталганын канааттануу менен белгилейбиз. Жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуу Тоолуу Карабахтагы көйгөйлөрдү толугу менен иретке келтирүүгө жана узак мөөнөттүү болоруна ишеним артабыз", — деп жазылат ТИМдин билдирүүсүндө. 

Белгилей кетсек, Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюп, ал 10-ноябрда күчүнө кирди. 

Келишимге ылайык, Тоолуу Карабахка россиялык тынчтык орнотуучулар барат. Ал эми Армения менен Азербайжандын куралдуу күчтөрү мурда ээлеп турган позициясында калышат.

Буга чейин Кыргызстан эки тарапты тең сабырдуулукка чакырган. Ошондой эле аймактын бүтүндүгү жана эгемендүүлүк принциптерин сактоо менен тынчтыкта, сүйлөшүү жолу аркылуу жаңжалды жөнгө салуусун жактай турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости