www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жолугушуунун алкагында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган биргелешкен тематикалык көргөзмө уюштуруу сунушу да талкууланган.

Кыргызстан 29-ноябрдан 8-декабрга чейин Доха шаарында өтө турган эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышат. Бул тууралуу КРдин Катардагы элчиси Нуран Ниязалиевдин көргөзмөнүн директору Жассим Ахмад Аль-Буайнайн менен жолугушуусу учурунда белгилүү болгонун Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын көргөзмөгө катышуу маселелери каралып, андан тышкары, иш-чаранын алкагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган биргелешкен тематикалык көргөзмө уюштуруу сунушу да талкууланган.

"Анда залкар таланттын чет тилдерге, анын ичинде араб тилине которулган китептеринин көрсөтүлүүсү күтүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Элчи Ниязалиев Катар китепкана борборунун китеп музейин көрүп, өлкөнүн эң биринчи китепканасынын өнүгүү жана калыптануу тарыхы менен таанышты.

Булак: "Спутник кж"

Последние новости