www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында VIII эл аралык “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы 12-15-декабрга чейин өтөт. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунун директору Акжол Бекболотов билдирди.
Бул жылы маданий иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналат. Аталган фестиваль кинематографиянын мастери Талип Ибраимов менен профессор, кинорежиссер Артык Сүйүндүковдун жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу тарткан тасма менен ачылат.
15-декабрга чейин уланчу иш-чаранын алкагында мастер-класстар өткөрүлөт. Жыйынтыгында “Мыкты режиссура”, “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы”, “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” номинациялары боюнча тасмалар тандалып алынат. Байге фонду — 500 миң сом.
Булак: NazarNews.kg