www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Кытайдан эт жана эт азыктарын алып келүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын расмий өкүлү Рахат Садырбекова билдирди.
- Тамак-аш коопсуздугу толук көзөмөлдө деп айта алам. Чек арада тиешелүү органдардын текшерүүсү жүрүп жатат, - деди ал.
Мекеменин маалыматына караганда, Хенань провинциясынан Кыргызстанга 2019-жылдын декабрь айында 48 тонна өрдөк эти алынып келген. Анын үлгүсү Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна (ВДЭБ) жиберилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы чыгып, коопсуздугу аныкталгандан кийин сатууга уруксат берилген.
Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы коронавирус биринчи катталган Ухань шаарынын тургундарына сыртка чыкпоо жөнүндө көрсөтмө берилди.
Жаңы вирустан өлгөндөрдүн саны 20 кишиге чамалады, аны жугузгандардын саны 450 кишиден ашты.
Вирусту жугузуп алгандар АКШда, Жапонияда, Түштүк Кореяда жана Таиландда да катталды.