www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн 19-апрелдеКыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Ураимович жана министрликтин адистери, Кызматташуу жана координация боюнча Түрк агенттигинин (ТИКА) вице-президентти Рахман Нуруддуна жетектеген делегация менен жолукту.
Жолугушууда эки тарап айыл чарба багытында мал чарбачылык, өсүмдүк өстүрүү, кооперацияларды ирилештирүү, тамак-аш коопсуздугу жана заманбап айыл чарба технологияларды колдонуу, тажырыйба алмашууошондой эле айыл чарба азык-түлүктөрүн экспорттоо-импорттоожөнүндө талкуулашты.
Талкуунун жүрүшүндө Кызматташуу жана координация боюнча Түрк агенттигинин (ТИКА) вице-президентти Рахман Нуруддуна, Түркия мамлекетинин айыл чарба тармагында тажырыйбасы мол жана заманбап технологияларды колдонуу жана айыл чарба багытында дыйкандарды окутууга басым жасагандыгын айтып, Түркия тарап Кыргызстан тарап сунуштаган чакан долбоорлорду колдоорун билдирди.
Министрдин орун басары Эркинбек Чодуев күнөсканаларды куруу, тамчылатып суугаруу, кооперацияларды ирилештирүү жана бак олтургузуу боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле дыйкан-фермерлерди окутууну Түркия тарапка сунуштады.
Булак: NazarNews.kg