www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстан” партиясынын “кыргычтары” күйгүздү

Кыргызстанды "Кыргызстан" партиясы эле оокат кылдырып жатыптыр. Шайлоо алдындагы убадаларды коомчулуктун унутканына көп эле убакыт болду. Бирок, убадалар берилген шайлоо алды айрым партиянын депутаттар тил безеп сайрап айта баштады. "Кыргызстан" саясий партиясы 2015-жылы шайлоо алдында берген убадаларынын 50 пайызын аткарды"-дейт, аталган партиянын депутаты Кубанычбек Нурматов.

Өзү депутат, берген маалыматынын тактыгы, далили жок. "Түздүк, ачтык, салдык, бердик, жыргаттык" дегенден түк чарчабаган саясий "сойкулар" абалыбызды ушул кезге алып келип, анан кантип оозуна жел толтуруп айтып атканына таңбыз. Депутат деген эми көчөдөгү киши эмес да.

Далилдүү айтпайбы. Анан коомчулукта ишенет эмеспи. Карап көргүлөчү, кайран кишинин айтканын: “Биздин партия берген убадаларынын 50 пайызын аткарды. Жумушчу орундарды түздүк. Бир топ кайра иштетүүчү ишканалар курулду. Медицина тармагына көңүл бурдук. Мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык обьектилердин курулушун ишке ашырдык. Ошондой эле жаңы төрөлгөн бала үчүн ата-энелер сүйүнчү пул алып баштады.

Ушул долбоорду ишке ашырууга 50 миң сом убадаланган эле, бирок бюджеттин тартыштыгынан улам 4000 сомду киргиздик”-дейт. Ушулардын бул “жомогуна” ким ишенет эми? Факты керек, факты. Бул жооп эмес да. Жаш баланы башынан сылагансып...

Булак: “Факты.kg”

Последние новости