www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга менен анын расмий визитинин алкагында бүгүн, 12-июнда өткөн жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдө кызматташуу жөнүндөгү Макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы аскерий жаатта кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы менен Монголиянын улуттук коопсуздук Катчылыгынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө Протокол;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Монголиянын Билим берүү, маданият, спорт жана илим министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

-Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлдиги менен Монголиянын Айлана чөйрө жана туризм министрлиги ортосундагы Туризм жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар Мамлекеттик кызматы менен Монголиянын интеллектуалдык менчик боюнча Ведомствосунун ортосундагы интеллектуалдык менчикке жана салттуу билимдерге укукту коргоо жаатында кызматташуу тууралуу Макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу менен Монголиянын Увс аймагы ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жөнүндө Меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен Монголия Башкы архив Башкармалыгынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум;

- Кыргыз Республикасынын илимдер Академиясы менен Монголия илимдер Академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

Последние новости