www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 14-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун жана Тажикстан Республикасынын вице-премьер-министри Азим Иброхимдин жолугушуусу өттү. Эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооробай Жээнбековдун жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча болду.

Сүйлөшүүлөр кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында «Кызыл-Бель» жана «Гүлистон» өткөрмө-көзөмөл жайларынын аймагында эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда чек ара маселелеринин топтомун, ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде болуп өткөн окуяларды талкуулоо боюнча болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде аймактарды аныктоо иштерин улантууну активдештирүү боюнча көп жактуу пикир алмашылды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.

Протоколго ылайык:

- Укуктук жумушчу топторго 2020-жылдын 15-февралына чейин 114 чакырым аралыктагы чек ара аймагын аныктоо боюнча макулдашылган позицияны берүү тапшырылды;

- топографиялык жумушчу топторго Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы жерлерди аныктап, жерлерди алмашуу боюнча макулдашылган сунуштарды 2020-жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгуу тапшырылды;

- тараптар Чоркух - Ак-Сай - Ворух, Көк-Таш – Ортобоз унаа жолдорунда биргелешкен күзөтүн улантууга, Исфара-Ворух жана Баткен-Исфана унаа жолдорунун кесилишинде жол чырактарын, байкоо камераларын орнотуу чараларын көрүүгө макулдашышты;

- Чектеш облустардын жергиликтүү бийлик органдарына окуяларга жол бербөө, ошондой эле чектеш райондордун калкынын зарыл маселелерин чечүү максатында түшүндүрүү-алдын алуу иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырылды;

- Социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү, чыр-чатактардын алдын алуу максатында Баткен облусунун жана Согдий облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын ар тараптуу кызматташуусу активдештирилет;

- Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды ЖМКларда чагылдыруу боюнча макулдашууларды катуу кармануу тууралуу бир пикирге келишти.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы бүгүн, 15-январда, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдоо максатында жергиликтүү калк менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. 

Последние новости