www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда окуучулардын билими электрондук жол менен бааланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган пилоттук долбоорго алгач Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы 4-класстын окуучулары катышкан. Төрт күн ичинде долбоор башталгыч мектептин 1344 окуучусунун билимин баалаган.Картинки по запросу "окуучулардын билими электрондук жол"" Баалоо каражаттары китеп окуу боюнча улуттук билим берүү стандарттарынын негизинде иштелип чыккан. Бул  долбоор өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлөөрү күтүүдө.

Долбордун негизги максаты,  электрондук жол менен баалоо өзгөчө жөндөмү бар балдарды аныктоого, тил үйрөнүүдө кыйналган окуучуларды таап чыгууга, майыптыгы бар балдар эмнеден кыйналарын түшүнүүгө жардам берет.Картинки по запросу "окуучулардын билими электрондук жол"" Долбоорго кыргыз, өзбек, орус жана тажик тилдеринде билим алган окуучулар катыша алышат.

Эске салсак, Кыргызстанда биринчи жолу окуучулардын билими электрондук жол менен бааланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости