www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Талас, Ысык-Көл, Баткен жана Ош облустарынын 16 айылында “Супер кайната” мелдеши болуп өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чараны уюштура турган Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Айылдардан белгиленген талаптарга ылайык, 45 жаштан жогору, коомчулукка оң таасир тийгизүүнү каалаган, чыгармачыл, аткаруучулук жөндөмү жана тапкычтык шыгы бар төрттөн кайната тандалып алынат. Алар мелдештин бир нече турларында күч сынашат.

Таймаштын жыйынтыгында бардык катышуучуларга белектер берилип, “Супер кайната”, “Акылман/мыкты кайната”, “Чыгармачыл кайната” жана “Шайыр кайната” номинацияларында жеңүүчүлөр аныкталат. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар берилет.

Мелдеш гендердик зомбулук көйгөйүнө көңүл бурууну, жаштардын жана улгайган адамдардын чыгармачылык дараметин көрсөтүүнү жана муундар арасындагы байланышты бекемдөөнү максат кылат. Мелдеши ноябрь айынын аягына чейин өтөт.

Сынак “Кыргызстанда муун аралык жана гендердик чектер алкагында коомчулуктардын гендердик зомбулукка каршы күрөшү” долбоорунун алкагында өткөрүлөт. Бул долбоор “ХелпЭйдж Интернэшнл” жана “Агенты перемен” коомдук бирикмеси менен шериктештикте Европа Биримдигинин каржылык колдоосу астында жүзөгө ашырылмакчы.

Буга чейин Кыргызстанда “Супер келин” жана “Супер кайнене” деген жарыштар өткөрүлүп келген.

Булак: "Азаттык"

Последние новости