www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы саламаттык сактоо жаатындагы башкы көйгөй — бөлүнгөн акчанын аздыгы. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде айтты.

Анын айтымына караганда, бир кишинин медициналык тейлөөсүнө жылына бөлүнгөн каражат коңшу мамлекеттердикине салыштырмалуу дээрлик 10 эсеге аз.

"Бизден көп учурда эмне үчүн көрсөткүчүңөр коңшулардыкына караганда төмөн деп сурашат. Анткени бир кыргызстандыктын саламаттыгы үчүн жылына 43 доллар бөлүнөт, ал эми Казакстанда 400 доллардын тегерегинде, Россиянын аймактарына жараша 650дөн 700 долларга чейин акча каралган", — деди Каратаев.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун статистикасы боюнча мамлекеттик саламаттыкты сактоо системасын өз калыбында кармап туруу үчүн ИДПсынын беш пайызы кем эмес өлчөмү бөлүнүшү керектигин белгилеп, былтыркы жыл жыйынтыгы менен төрөттөн көз жумган аялдардын саны азайганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости