www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанара Муратова: Илгери жигиттерибиз жооп чаап, эли-жерин коргоп баатыр болчу эле. Азыр, Акүйдүн алдында барып, мурдун гыркырата тартып, какырынып түкүрүп "баатыр" болуп жатат.  Албетте Акүй ичиндеги саясатчылар периште деп айтпайм, бирок мынтип чоң эле жигит мурдун бырылдатып какырынганы жакшы эмес көрүнүш. Акүй жаманбы-жакшыбы хан ордо. Мынтип бир тарбиясыз баланын какырыгына баракелде деп колдогондорго түшүнбөйм. Ушунусу менен кыргыз мырзаларына үлгү көрсөттүбү? Бул жигитке "Какырык баатыр" же "Чимкирик баатыр" деп ат коюш керек. Мырзалар уялгыла!

Dinara Adjieva: Не воспитанный который плевался перед белым домом! Надо такие законы поддерживать! Или хотите жить в грязной стране где вокруг слюни и грязь?!

Арууке Аракетова: Акча төлөдүбү жокпу аныгы белгисиз. Бирок бул жигиттин кылыгы дешевый пиарго, андан көрө маданияттуу бололу, ушул акчаны түкүрүнүп айып катары төлөгүчө башка жака жумшаса болмок.

Зайирбек Аманкулов: Ушуну туура айттың! Эң балит иш бул. Аны болсо патриот дешип алыптыр маңкурттар. Сыргак Бактыяров: Мекендин жүзүнө түкүргөнгөндордү кандай атоо керек?

Чынара Матенова: Туура эмес кылды бул жигит... Башка элге шылдың кылып атат, өкүнүчтүү... Талгат Сыдыков: Ал жигит провокатор.

Медербек Беделбаев: Шаарда, коомдук жайларды түкүрүнбөй эле койгула. Эмне силерди зордоп түкүрүнтүп анан штраф салып жатабы? Азыр силер үлгү деп жаткан Европада түкүрмөк турсун жалдыздуу, көңүлүнө жаккан айымдарды күлүмсүрөп карап койсоң соттолуп кетесиң. Алар дагы мыйзамдан коркуп айымдарды мындай караштан көзүн алып качып калышты. Силер деги кайагын колдойт элеңер?

Айка Боронбай: Түкүргөн бала Атамбаевдин жансакчасы Дамир Мусакеевдин иниси экени тастыкталды. Уятсыз, акылы жок немени катуу жазалаш керек.

Назерке Жарык: Чыпалак баатырга да оноктош табылды ушинтип..Чыпалак баатыр , Тукурук баатыр...кийинкиси Сийгек, Чычкак...болуп кете берет эми. Кантип ушунча майдаландын кыргызым!

Канат Исаков: Ата мекенине, туулган жерине түкүргөн туура эмеско, бул деген акылсыздыкка жатат деп ойлойм.

Маалымат Фейсбуктагы "Трибуна" тайпасынан алынды...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости