www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу MoveGreen экологиялык бейөкмөт уюмунун жетекчиси Мария Колесникова өзү билдирди.
Аны жана дагы 14 активистти Варшавага учуп барганда кармап, “коомдук коопсуздукка коркунуч келтиресиңер” деген негизде өлкөгө киргизбей, кайра мекенине жөнөтүшкөн.
Колесникова Кыргызстандын жарандык секторунун өкүлү катары катышканы барганын, ал жерде энергия алуунун башка кошумча түрлөрүн өнүктүрүүгө миллиондогон инвестиция тартуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү болгонун, бирок жыйынга катышпай калганына кыргыз коомчулугу да, тиешелүү мекемелер да көңүл бурбаганын Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды.
Бириккен Улуттар Уюмунун климатты өзгөртүү боюнча конференциясы (СОР24) Польшанын түштүгүндөгү Катовице шаарында өттү. Анда 2015-жылы Парижде кабыл алынган климаттык макулдашууну ишке ашыруу маселелери талкууланды. Негизги темалардын бири мөңгүлөргө байланыштуу болду.
Колесникованын билдирүүсүнө байланыштуу расмий органдар азырынча комментарий бере элек, - деп жазат Азаттык.
Булак: NazarNews.kg