www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Боорсок жесең курсагын ток" демекчи, кыргызстандыктар @world_record_egg экспериментин улантып, сыйлуу болуп эсептелген кыргыз борсогун рекордко жеткирүү үчүн record_kyrgyz_boorsok баракчасын ачышты.

“Жумурткадан кем экенбизби?”- деген ураан менен кыргызстандыктар да Инстаграмм социалдык тармагына борсоктун сүрөтүн жүктөп, бир күн ичинде 101 миң 942 лайк чогултту.

Эскерте кетсек, тооктун жумурткасынын сүрөтү инстаграмм социалдык тармагына жарыяланып? 30 миллион лайк чогулткан. Сүрөт социалдык тармактын тарыхындагы эң популярдуу сүрөт болду.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “жумуртка челленджине” катышып, инстаграммдагы өздүк баракчасына тооктун жумурткасынын сүрөтүн “Бул меники эмес. Ферманыкы”- деген жазуу менен киргизген. 

Депутат жумуртканын сүрөтүн киргизбей эле, боорсоктун сүрөтүн киргизип койсо абдан сонун болмок, -дегендер да жок эмес. Кантсе дагы боорсок даамдуу, улуттук тамак-аштарыбыздын бири. Аны менен биз конок күтүп, чет элден келген сыйлуу конокторго биринчи эле аэропорттон ооз тийгизебиз.

Анан дагы рекорд коюуу үчүн боорсокко лайктарды чогултууга чоң жардам болмок десек жаңылышпайбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости