www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын алтын кору эмне себептен азайып кетти?

Кыргызстандын алтын кору бир ай ичинде 5 миллиард 15,9 миллион сомго арзандап кетти. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтына чыкты.

1-февралга карата алтындын запасы 84 миллиард 768,1 миллион сом деп бааланган, бул рекорд болчу. Ал эми марттан тарта 79 миллиард 652,2 миллион деген сумманы көрсөттү.

Кымбат металлдар рыногунун Лондондогу ассоциациясындагы кечки фиксинги (дүйнөлүк баа) аталган мезгилге карата 129 долларга ылдыйлап, 1 734 болду. Кеп трой унциясынын 31,1 грамм болгон наркы туурасында жүрүп жатат.

Улуттук банктын төрагасы август айында алтын валюта кору алтынды ички рыноктогу активдүү сатып алуулардын эсебинен тарыхый рекордду коюп, 3 миллиард доллардан ашкандыгын айткан эле.

Алтын валюта кору (эл аралык валюта кору) Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга мүмкүнчүлүк берет.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости