www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Тажикстандагы полиомиелитке байланыштуу жагдайды экинчи деңгээлдеги өзгөчө кырдаал катары баалады.

Уюмдун расмий сайтындагы маалыматка караганда, Тажикстанда 18-мартка карата бул илдет төрт баладан табылган. Ошол эле маалда бейтаптардын жакындарынын арасында да бул оору аныкталган.

Полиомиелит балдардын нерв системасын жабыркатып, шал кылуучу вирустук инфекция болуп эсептелет. Уюмдун ички жобосу боюнча өзгөчө кырдаал жарыялоо – оору табылган өлкөгө кыска мөөнөттө керектүү ресурстарды, анын ичинде вакцина же дары-дармектерди жөнөтүүгө жол ачат.

Маалыматка караганда, учурда илдеттин очогу болгон жер иликтенүүдө.

Тажикстанда 2010-жылы полиомиелит 458 кишиден лабораториялык түрдө аныкталган. Анда ооругандардын 89% пайызы 1ден 5 жашка чейинки балдар болгон.

Мындан кийин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эки жолу текшерүү жүргүзүп, 2012-жылы Тажикстанга "полиомиелит жок" деген сертификат берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости