www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды - "Эл аралык тоолор жылы" деп жарыялады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Тиешелүү резолюция 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Жалпы ассамблеясынын 76-сессиясынын пленардык жыйынында кабыл алынган.

ТИМ тараткан маалыматка ылайык, токтом долбоорун кароонун алдында кыргыз тарапка аны тааныштыруу үчүн сөз берилген.

2022-жылды "Эл аралык тоолор жылы" деп жарыялоо демилгесин президент Садыр Жапаров БУУнун Жалпы ассамблеясынын сентябрдагы 76-сессиясынын жалпы дебатында жарыялаган. Бул 2002-жылы өткөн Биринчи глобалдык Бишкек тоо саммитинин 20 жылдыгын белгилөө максатында демилгеленген.

Бул Кыргызстандын демилгеси менен кабыл алынган тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча үчүнчү резолюция болуп калды. 16-апрелде БУУнун Жалпы ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында “Жаратылыш чек араны билбейт” деп аталган биринчи резолюция, 23-ноябрда ЮНЕСКОнун 41-сессиясынын пленардык жыйынында Кыргызстандын демилгеси менен “Мөңгүлөргө мониторинг жана изилдөө жүргүзүүнү кеңейтүү” деген жаңы резолюция бир добуштан кабыл алынды

Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы жөнүндөгү резолюция БУУга мүчө бардык мамлекеттер тарабынан бир добуштан кабыл алынды. Мындан тышкары, 93 мамлекет бул документти колдогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости