www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Кыргызстандын түрмөлөрүндө ден соолугу оор акыбалда же жедеп карылыгы жетип калган адамдар да отурат. Бул тууралуу укук  коргоочу Төлөйкан Исмаилова, азыр ушул маселенин үстүндө иштеп жатканын ММКларга билдирди.

“Айыкпас ооруга чалдыккан Мурат Суталинов гана эмес, андай оор абалдагы отуздай киши учурда түрмөдө отурат. Жашы 84кө кирип, баса албай калган карыя бар. Адам укуктары корголгон өлкөлөрдө андай адамдар гумандуулук менен абактан чыгарылат. Жок дегенде үй камагына чыгарылат. «Бир дүйнө - Кыргызстан» коомдук фонду азыр ушул маселенин үстүндө иштеп, түрмөдө отурган оор абалдагы адамдарды бошотууну талап кылып жатат”- деп айтты ал.

Бул маалыматты, ЖАМКнын басма сөз кызматы да четке каккан жок. Абактагы оорукчан адамдар дарыгердин көзөмөлүндө экендигин билдиришкен.

Учурда, 2010-жылы айыпталган генерал Мурат Суталинов айыкпас рак илдетине чалдыкканына карабай абакта отурганына коомчулук нааразычылыгын байма-бай билдирип келишүүдө. Анын оорусу өтүшүп кеткенин белгилеген жакындары аны үй камагына чыгарууну өтүнүп сотко кайрылышкан. Азырынча мурунку соттун чечими өзгөрө элек.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости