www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай, Huawei фирмасынын каржы иштери боюнча директору Мэн Ваньчжоу үчүн АКШны Канадага кайтарып берүү талабын кылбоого чакырды.
Кытайдын тышкы иштер министрлигинин катчысы Хуа Чуинг, борбор шаар Пекинде өткөргөн маалымат жыйынында Мэн маселесинин катардагы эле жеке окуя болбогонун белгилеп өттү.
АКШ жана Канаданын кылмышкерлердин кайтарылышы келишимин бузганын жактаган Хуа, бул абалдын Кытай жарандарынын жеке коопсуздугу, мыйзамдуу укук жана кызыкчылыктарынын бузулгандыгы түшүнүгүн бергенин айтты.
Канаданын Мэнди тез арада эркин кое беришин талап кылгандарын белгилеген Хуа: «АКШны катасын оңдоого жана Канадага расмий кайтарып берүү талабын койбоого чакырабыз»,-деп айтты.
Катчы Хуа, АКШнын Huawei фирмасына карай кылгандарынын ачык эле Кытайдын жогорку технологиялык фирмасына «кысым көрсөтүү кыймылы» болгонун айтты.
Катчы, Кытайда камакта турган канадалык мурдагы дипломат Майкл Ковриг жана ишкер Майкл Спавордун эркин кое берилиши талаптарынын да «Кытайдын эгемендиги жана ички иштерине кийлигишүү болгонун» жактады.
Кытайлык технология гиганты Huawei фирмасынын ээси Рин Сингейдин кызы жана фирманын жоопту жетекчиси Мэн Ваньчжоу, АКШнын Иранга карай киргизген санкцияларын бузгандыгы айыбы менен 2018-жылдын 1-декабрында Канаданын Ванкоувер шаарында кармалып камакка алынган.
Канаданын соту 10 миллион Канада долларындай күрөө алынып Мэндин шарттуу эркин кое берилишине өкүм чыгарган.
Канаданын Вашингтондогу элчиси Дэвид Макнотон, кечээ бир гезитке берген маегинде АКШнын Huawei фирмасынын CFOсу Мэндин экстрадициясы үчүн расмий талап кыла турганын билдирген.
Булак: "trt.net.tr"