www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-августка карата алынган маалымат боюнча Кыргызстан Кытайдын "Эксимбанкына" 1 миллиард 765 миллион доллар бересе.

Кытай Кыргызстандын карызынын бир бөлүгүнүн төлөө мөөнөтүн узартууга макулдук берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Экономика жана каржы министринин орун басары Руслан Татиков кыргыз өкмөтүнүн Кытайдын "Эксимбанкына" болгон карызын төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча макулдашуу долбоору туурасында маалымат берген.

Ал - Кыргызстан бул маселе боюнча Кытайга кредит берүүчүлөрдүн Париж клубу аркылуу кайрылганын билдирди. Анын айтымында, 1-августка карата "Эксимбанктын" алдындагы карыз 1 миллиард 765 миллион доллар болгон. Үстүбуздөгү жылы Кытайга 88 миллион доллар төлөө талап кылынган.

"Кайтарыла турган 51,1 миллион доллардын мөөнөтү узарды. Бул үчүн биз кошумча 3,8 миллион доллар төлөшүбүз керек болот. Келишимге ылайык, алты жылга узартылып жатат, анын бир жылы жеңилдетилген мөөнөт", — деди Татиков.

Ошондой эле, ал бул каражатты электр энергиясын сатып алууга, социалдык долбоорлорду ишке ашырууга жана Баткен облусунун муктаждыктарына жумшоо пландалганын белгиледи. Тармактык комитет бул сунушту колдоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости