www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал Пекиндеги Congnanhay конок үйүндө Кытай мамлекеттик кеңешичиси жана тышкы иштер министри Ванг тарабынан кабыл алынды.Бул тууралуу Тrt.net сайты жазып чыкты.

Кытай мамлекеттик кеңешчиси жана тышкы иштер министри Ванг Йи Түркия жана Кытайдын жогорулаган базарлары жана өнүгүп келе жаткан маанилүү өлкөлөр экендигин белгилеп : «Азыркы эл аралык шарттарда Түркия жана Кытайдын стратегиялык координация, кызматташуу жана консенсусту арттыруусу маанилүү»,- деди.

Тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал Кытай сапарынын негизинде борбор шаар Пекиндеги Congnanhay конок үйүндө Кытай мамлекеттик кеңешичиси жана тышкы иштер министри Ванг тарабынан кабыл алынды.

Жолугушуунун басма сөзгө ачык бөлүгүндө Ванг эки өлкөнүн  орток кызыкчылыктарды бөлүшкөндөрүнө көңүлдөрдү бурду. Ванг өзгөчө Өналдын Кытай сапарынын эки тараптуу карым  - катнаштарынын саясий көлөмү жактан баалуу экендигин белгиледи.

Өнал да Кытай жолугушууларынын түшүмдүү өткөндүгүн айтып, министр Вангды август айында Түркияда боло турган Элчилер конференциясынын программасына чакырды.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости