www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда коркунучтуу вирустан 213 адам өлдү

Ухань шаарында чыккан коронавирустан каза болгондордун саны 213гө жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда,  коронавирустун жаңы тиби менен ооругандардын саны 9 776га жетип, анын ичинен 213 киши каза тапты. 

Белгилей кетсек кечээ, 30-январда күндүзгү расмий маалымат боюнча көз жумгандар 170  болсо, илдет жуктургандардын саны 7711 эле. Эми минтип бир суткада эле, 1982 вируска киши кабылып,  43 өлүм катталган. Мындан сырткары, аталган виурс 18 өлкөгө тарап кетти.

Аталган оору Кытай мамлекетинен Түштүк Корея, Япония, АКШ, Таиланд, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия, Германия, Финляндия, Бириккен Араб Эмираты, Шриланка, Камбодия,  жана Малайзия өлкөлөрүнө чейин жеткени маалым болду.

Эске салсак, адам организминде буга чейин кездешпеген вирустан улам,  дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү коопсуздук чараларын күчөтүп жатышат. Кыргызстан Кытай менен каттамдарды убактылуу токтотконун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости