www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда күч алып жаткан коронавирусту дарылоо үчүн, оорукана 6 күндүн ичинде курулуп ишке берилет. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, аталган ооруканага вирусту жугузуп алган бейтаптар жаткырылып, дарыланат. Айрым маалымат булактарында белгиленгендей оорукананын курулушу 6 күндө бүтүп, 2-февралда оорукана эксплуатацияга берилүүгө тийиш.

Учурда курулуш аянтын ондогон экскаваторлор казып жатышат. Жаңы салына турган бейтапкананын жалпы аянты 25 миң чарчы метрди түзүп, ага бир эле учурда 1 миңге чейин оорулуулар жаткырылат. Оорукананын модели Пекиндеги "Сяотаншань" бейтапканасына окшош болот. Пекиндеги бул оорукана 2003-жылы апрель айында SARS (атиптүү пневмония) эпидемиясы күч алган кезде 7 күндө курулган.

Эске сала кетсек, Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон белгисиз оору жөнүндө 2019-жылдын декабрь айында маалымдалган. Эсперттердин айтымында ооруну козгогучтардын жаңы тиби  2019-nCoV деп аталат.  

Бул оору менен жабыркаган алгачкы бейтаптардын деңиз азыктары сатылуучу базарга тиешеси бар адамдар болгондугу такталган.

Акыркы маалыматтар боюнча бул оорудан 26 киши каза болуп, 850 адамга жуккандыгы кабарланды.

Оору чет өлкөгө да тарап, Түштүк Корея, АКШ, Тайвань, Таиланд, Япония жана айрым маалыматтар боюнча Россия менен Казакстанга тарагандыгы кабарланууда.

Ал эми Кыргызстанда Кытайдан келген аба каттамдары 2-февралга чейин токтотулуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан этият чаралар көрүлгөндүгү билдирилди.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости