www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайлардын ойлоп таппаганы жок. Кар үстүнө жазуу, кичине балдардын жакшы көргөн иши. Бирок, Кытайда чоң эле адамдар үчүн киреше табуучу булактардын бирине айланды. Электрондук соода аянттарын өнүктүрүү аркылуу, азыр аталган өлкөдө ишкердик иш-аракет кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Маалыматка караганда, жакынкы күндөрү Кытайдын түндүк-чыгышында катуу кардан кийин карга сөздөрдү жазууга буйрутмалар кескин өскөн. Көптөгөн сатуучулар эки күндүн ичинде ондогон буйрутмаларды алган. Алар кардарлардын оюндагыдай, кар үстүнө куттуктоолорду жана жакшы сөздөрдү жазып, сүрөткө тартып, видеосун интернет аркылуу жөнөтүшөт.
Бул ишти жасагандардын бири мунун баарын кардарлар үчүн эмес, акча табуу үчүн жасап жатканын айткан.
Булак: NazarNews.kg