www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдан Кыргызстанга келген 9 студент ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алты студент Москва районунун аймактык ооруканасында, үчөө Сокулук районунун аймактык ооруканасында.
“Алардан коронавирус оорусунун белгилери табылган эмес. Бирок, алар өздөрү дарыгерлердин көзөмөлүндө болууну каалашты. Баардыгынын абалы канаатандыралык. Алар Хубэй эмес башка провинциялардан келишкен. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда аталган вирус боюнча эч ким катталган эмес”,- деп Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдады.
Кытайдан Кыргызстанга 28-29-январда 42 адам учуп келген. Алардын ичинде 24 кыргызстандык жана 18 кытай жараны. Тогуз студентен сырткары, баары жашаган жери боюнча медициналык көзөмөлгө жиберилди.
29-январда Саламаттыкты сактоо министри Бүткүл саламаттыкты сактоо уюмунан коронавирус оорусунун белгилери бар бейтаптарга рекомендация алган. Инструкцияга ылайык, жашаган жери боюнча медициналык көзөмөлгө алынышы керек. Ухань шаарынан келген жарандын баарына он күнгө чейин сырттан байкоо жүргүзүлөт же ооруканага жаткырылат.
Булак: NazarNews.kg