www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы кезде Солтон - Сары жайлоосундагы алтын кенин иштеткен кытайлык компания жергиликтүү элдин каршылыгынан улам ишин убактылуу токтотту.

Жергиликтүү калк экология, аба, суу, жер кыртышы бузулуп уулангандан улам мал кырылып, адамдардын денесине жара чыгып жатканын жүйө келтирип, кенди жабуу талабын коюшту. Кенди иштеткен кытайлар жергиликтүү жашоочуларды ур-токмокко алган соң, жаалданган эл Нарын облусу боюнча кендерге мораторий киргизилсин деген талабын айтышты. Бийлик убакыт созуп элди сооротууда. Ал арада Ысык - Көл облусунун Ара-Бел жайлоосунда кытайлар алтын казып жаткан видео тарап, коомчулукта нааразычылык жаралды.

Мындан сырткары социалдык тармакта "Макмал" алтын кени да кытайларга өтүп кеткени айтылууда. Коомдо буга байланыштуу сын - пикирлер күч, - дейт "Фабула" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости