www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ коомдук телерадиокорпорациянын жетекчиси Илим Карыпбеков митингчилерге чыгып, "Ала-Тоо 24" каналынан митинг тууралуу сюжет түрүндө жаңылык кетирүүгө убада берген.
Митингчилер "Жерибизди сактайбыз", "Келечек үчүн", "Кытайлар кетсин" деген жазууларды кармап чыгышкан. Кытайларга паспорт берилбесин деген талаптары менен жаштар митингге чыгышты. Митингчи Алмаз уулу Асылбек кытайлар өз бийлигин Кыргызстанда улантып жатышат. Муну токтотуш керек. Чоңдорго кайрылгандар муну тез арада чечүү керек, аларды депортациялаш керек.
Буга чейин ушундай эле митинг борбордук аянтта өткөн. Аянтка чыккан катышуучулар эч кандай уюштуруучулары жок өз ыктыяры менен келгенин айтышты. Катышуучулар митингге Кара-Балтадан жана Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардан келишкен.
Өткөн жылдын декабрь айында "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдында тынчтык митингин өткөрүп, Кытайдын Шиңжан аймагындагы тарбиялоочу лагерлерде отурган кыргыздардын абалына тынчсыздануусун ортого салган.
Эске салсак, акыркы убактарда кытайларга болгон каршы пикирлер интернетте катуу күч алган. Митингге чыккандардын көпчүлүгү жаштар. Кытайлардын өлкөдөн чыгып кетүүсүн каалагандар Илим Карыпбековдун келүүсүн талап кылышууда. Эгерде убада аткарылбаса кечки саат сегизде кайра чогулушмакчы.
Булак: NazarNews.kg