www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык аял Бишкектеги кытайлык “Гонконг” медициналык клиникасына карата даттанды.
Анын айтымында, ”Гонконг” клиникасы аялдан 48 миң сом алып, оорусуна теледен жарнамалаган жыйынтык чыгарып бере алган эмес. Бул тууралуу ММКларга Гулина Питер билдирген.
“75 жаштагы, 9 баланын энеси апам Батма, эки жума мурун дарыланып баштаган. Апамдын муундары ооручу. 6 ай сайын ооруканага көрсөтүп турабыз. Анан эле апам”Гонконгго” баралычы деп туруп алды. Эжем апам 6 күн көрүнгөнүнө “Гонконгго” 46 миң сом төлөптүр. Клиникада гель менен ар бир уколу 6 миң сом турат экен. Бир жума апам жакшы жүрдү, андан кийин оорусу күчөп азыр таяк менен да басалбай калды”,- деп айтып берген Гулина Питер.
Андан кийин, алар кайрадан клиникага даттанып барганда, колундагы кагаздарын бардыгын алып туруп, колдоруна 6 миң сом кайтарып берип коюшкан.
Гулина, жарандарды “Гонконгдун” клиникасына барып алданып калбоого чакырды.
Журналисттер, бул маалымат боюнча аталган клиникага кайрылышканда, алгач алар клиенттин карта номерин сурап, кийин маалымат берүүдён баш тартып коюшкан.
Булак:NazarNews.kg