www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн Кызыл-Омпол участогундагы уран казуу ишине коомчулук катуу кабатыр болуп, аны каздырбоо үчүн тикесинен тик турууда. Элдин сүрүнөн чочулаган Өкмөт уран казууну убактылуу токтотту. Учурда мамлекеттин келечегин, элдин ден соолугун ойлобостон лицензия бергендерди аныктап, укуктук жазасын берүү талабы көтөрүлүүдө. Кээ бири Бакиевди, айрымдары Атамбаевди күнөөлөп жатышкан, кашайып, документалдуу түрдө Отунбаева калкып чыкты.

Тактап айтканда, Кызыл-Омпол аянтында уран, торий, цирконий, темир, титан, фосфор кендерин чалгындоо үчүн «Кыргызстандагы Юразия» ЖЧКсына №2852 лицензиясы 2010-жылдын 18-ноябрында берилиптир.Бул учурда өлкөнү Роза Отунбаева жетектеп турган. Ал убакта парламент коалиция түптөй албай турган убак эле. Министрлер кабинети курала элек болчу. Андан да кызыгы, уран казууга киришкен компаниянын бир мүчөсү «Юразия Майнинг Компани» жетекчиси жана негиздөөчүсү Арсланбек Кененбаев болуп чыгууда.

Бул экс-президент Роза Отунбаеванын жакын тууганы Айжан Чыныбаеванын күйөөсү болот. Демек, «иттин өлүгүн» апчебиз көмгөнбү? Бирок экс-ажо үн катпайт да. Шектүү шексинет болуп жатабы?

Булак: "Мантыш"

 

Последние новости