www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дагестанда кызын баккысы келбеген аял аны сууга чөктүрүп өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 2018-жылы сентябрь айында Чонтаул айылында болгон. Анда 27 жаштагы аял кызын баккысы келбей сууга ыргытып жиберген. Кыздын жансыз денеси 3 күндөн кийин дарыядан табылган. 

Иликтөө иштеринин алкагында белгилүү болгондой, кылмышка шектелип жаткан эне кыз сууга чөгүп кеткиче аны карап турган. Андан соң ал кылмыш кылган жеринен изин жашырып кеткен.

Учурда тергөө иштери аягына чыгып, сотко өткөрүлдү. Жакында соттук процесс башталат.

Эске салсак, мындай көрүнүш Өзбекстанда да катталган. Анда бир жаштагы баланын 26 жаштагы  атасы балам мага окшош эмес деп жубайы менен ажырашып кеткен. Соттун чечими боюнча атасы баласы үч жашка чыкканча кирешесинин 70 пайызын алимент катары төлөмөй болгон. Алимент төлөгүсү келбеген ата өз баласын Түндүк Фергана каналына ыргытып жиберген. Уулун өлтүргөндүгү үчүн айыпталуучу 18 жылга эркинен ажыратылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости