www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы мезгилде кайрадан латын алфавитине өтүү маселеси байма-бай көтөрүлүп келет. Дегинкиси латын жазуусун кабыл алуу менен өлкөбүз эмне табат? Анын артыкчылыгы жана кемчилиги жөнүндө бул макалада ой жоруп көрөлү.
Тамгалардын тарыхынан
Латын тамгалары б. з.ч.VII кылымда жаралган. Алгач 21, анан 23 классикалык тамга пайда болгон. Араб жазуусунун пайда болуусу VI кылымдын баш ченине барып такалат. Анда 28 тамга болгон. Кирилл алфавити X кылымдын башында бир туугандар Кирилл менен Мефодийдин Византия падышасы Михаил IIIтүн буйругу менен пайда болгон деп жазып жүрүшөт. Алгач 43 тамга болуп, анын 24ү византиялык уставдык каттын негизинен алынып, 19у кайра иштелип чыккан тамгалар. Тарых тастыктагандай, кирилл алфавити жашы боюнча тамгалардын эң жашы болуп саналат.
Кыргыз эли колдонгон Орхон-Энесай, Уйгур жазууларын аттап өтүп, латын графикасы деп аталган жазууну түрк тилдүү элдердин колдонуп калышы жөнүндө кеп учугун баштайлы. Түрк тектүү элдердин алгачкы колдонгон жазууларынын тарыхы ар кайсыл элде ар башка. Алар колдонгон жазуулардын ичинен ислам дининин таралышынын негизинде жайылган араб жазуулары да чоң роль ойногон. Арабча тамгалар дээрлик баардык түрк тектүүлөргө колдонуу үчүн жайылган. Октябрь революциясынан кийин да араб тамгалары менен жазуу жүргүзүлүп келген. Орустар колдонгон кирилл жазуусунун негизинде латын алфавитин иштеп чыгып, колдонуу жагы 20-жылдардан башталат. 1926-жылы Баку шаарында өткөн түркологдордун I съездинде түрк элдери латын жазуусуна өтүү чечимин кабыл алышат. Ал — яналиф (жаңы арип) деп аталган. Советтер Союзунун курамына кирген түрк элдери яналифти 40-жылдарга чейин колдонуп келишти. Латынга өтүү ошол кезде бир гана түрк тектүүлөр эмес, Союз курамына кирген башка улуттарга да колдонуу боюнча сунуштар жаралат. Окумуштуулар кирилл алфавитинин негизиндеги латын алфавитин иштеп чыгышат. Тек гана 30-жылдарда Сталиндин буйругу менен бул иш токтотулган. 40-жылдарда согуш аракеттерине байланыштуу кагаз иштери жалпыга түшүнүктүү болсун, бир тилде, бирдей арипте жазылсын деген шылтоо менен славян жазуусу деп аталган кирилл Союздун баардык Республикаларына таңууланат. Ал эми Союздан сыртта калган түрк элдери (азыркы Түркияны эске албаганда) араб тамгасында кат жазуу менен кала беришкен. Түркия СССРдин курамына кирбесе да, анын курамына кирип калган боордошторунун I съездинде кабыл алынган маселеге тилектештигин билдирип, Ататүрктүн аракети менен 1928-жылы латын тамгасына өтөт.
Сталинди славян улуттары Кудайдан кем эмес көрүп, сыйлагандыгынын бир нече себептери ушул жерде жатат. Биринчиден, орустар Иосиф Жугашвилинин темирдей бекемдиги менен 2-Дүйнөлүк согушта жеңишке жетишкенбиз деп эсептешет. Сталин — болот, бекем деген Ленин сыяктуу кошумча ат ушундан улам айтылып калган деген аңыз бар.
Экинчиден, Союз курамындагы элдерде өз тили, өз жазуусу, улуттук баалулуктары ж. б. маселелер күч алып, жакындашуу аракеттери байкалып, улут тың чыкмалары баш көтөрө баштаган учурда алардын чарасын көрүп, тартипке чакырып коюу зарылдыгы жаралган. Буга 37-жылдагы сталиндик репрессия жана биз сөз кылып жаткан кирилл алфавити далил боло алат. Улуту орус болбосо да дили орус Сталиндин орустарга жасаган ат көтөрө алгыс кызматын ушул жерден байкоого болот. Репрессия элдин кыйындарын кырып, карапайым калктын жүрөгүнүн үшүн алат. Кирилл алфавитине жапырт өтүү — бийликти бир колго топтоп, каалагандай калчоого ыңгай түзүп берет.
Союз урагандан кийин ар кайсыл мамлекет өз башынча эркин саясат жүргүзө баштайт. Мына ошондо латын жазуусуна кайрылып келүү жагы түрк тектүү элдерде эркин ой жүгүртүүнүн желаргысы менен кошо өзүнөн-өзү пайда болот. Бул ар кайсыл мамлекетте ар кандай убакта жана түрдүү көйгөйлөр менен коштолуп, ишке аша баштайт.
Булак: "Жаңы Ордо"