www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында соцфонддон  болгон элибиздин байлары, акыл айткан депутаттары  карызды төлөбөй жатканы тууралуу доо арыз түштү.  Билермандар жана төбөсү көрүнгөн байлар  өздөрүн-өздөрү билип, болгон мүлктөрүн жакындарына каттатып коюп эч нерсени билбеген киши болуп, акыл айтып жогорку кеңеште олтурганы тууралуу кеп учугу чыкты. Алардын ичинде сап башында К. Жолдошбаев өңдүү күркүлдөр, шаарды башкарып жүрүп байлык илдетине кабылган Иса Өмүркуловдор бар.

Айткандай Иса Өмүркулов жогорку кеңештин трибунасына чыгып акыл айтса, андан өткөн элге күйгөн киши жок, анан эле  сосфондко бир да тыйын төлөбөй качып жүргөнү “молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” деген сөздү эске салат десеңер.

Ооба, бул кишилер алып гана көнүп калган үчүн, жандарынан жарым сом чыгаргысы келбегени да чын. Анткени алып көнгөн кишилерден бир нерсе сураган бул өтө опурталдуу иш экенин да билебиз. Салык төлөгөнгө келгенде алардан өткөн байкуш жок, акыл айтса алардан өткөн акылман жок. Анан эле көчөгө батпаган жол тандабасты минип өтсө алардан өткөн бай жок десеңер. Буларды көргөндө илгерки сараң байлар көзгө тартылат. Байкуштар, кыз-күйөө, бала- бакырадан бери жалгыз багып жатышса, сосфондко төлөш үчүн тапкандары жетпей жаткан чыгар, бирде- болбосо бир төлөп калышар –деп үмүт кылып күтө туралы.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости