www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канадалык ишкерлердин ишеничин актап, эбегейсиз чоң эмгек кылган Леонардо Хоменюкту Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу органына к елген адамдар билбей калышы мүмкүн эмес. Кыргыздын «чоңдорунун» сырын Хоменюкчалык эч ким билбесе керек. Ал «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча келишимдердин шарттарын кайра кароо боюнча эки тараптуу маанилүү сүйлөшүүлөрдүн дээрлик бардыгына катышкан. Бардык учурда «Камеконун» пайдасына маселе чечилип келди. Кыргыздын мамлекет башчыларынын чалган «ботколорун» өзүнө жегизген, Президентти баш калып, Өкмөт башчысын төш кылып башын айландырган азамат дал ушул киши. Ал еврей шылуундардын тапшырмасын так аткарган бирден бир ишенген адиси.

2003-жылдагы «Центерра голд инк» компаниясына Кыргызстандын үлүшүн кошуудагы кыргыз Өкмөтү менен аферага байланышкан келишимдерди түзүүгө Лен Хоменюктун салымы өтө чоң болгон. Андан калса, коррупциянын чордонуна айланган саясый чөйрөнүн сырын билген Лен Хоменюк аялы экөө Кыргызстандагы коррупциялык схемаларды түзүүгө жетишкен.

Леонардо Хоменюк Канадада Украиналык иммигранттын үй-бүлөсүндө туулган. Ал Centerra Gold, Kumtor Gold и Cameco Corporation компанияларында жетекчилик кызматты аркалап келди. 2004–2008-жылдары «Centerra Gold» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү, башкы директору, президенти болуп иштеген. Эгерде анын кызмат орундарынын терең иликтей турган болсок, ал чет өлкөлүк компания үчүн өтө маанилүү тармактарды жетектеп келген.

1992–97-жылдары «Кумтөр оперейтинг компани» ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы жана президенти болуп туруп, «Кумтөр» алтын кенинин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жана комбинатты ишке киргизүүгө жооп берген. 1997–99-жылдары канадалык «Камеко Голд» компаниясынын аткаруучу вице-президенти, 1999-жылдан Президенти болгон. 2004-жылдан баштап Торонто шаарындагы фондулук биржага «Центерра Голд» компаниясынын баалуу кагаздарын чыгаруу иштерин колго алган. Мындан башка 2011–2014-жылдары Polygon Gold Inc компаниясында директорлор кеңешинин төрагасы, президенти жана башкы директору болуп иштеген.

Ошол учурда «Кумтөр» алтын кенинде иштеген канадалык компаниянын жетекчилиги кайсыл бир өзүнө жакын тараптарга төлөмдөрдү которуп, мына ушул «көмүскө» булактын эсебинен кирешенин бир бөлүгүн «кертип» калышчу. Муну кыргыз бийлиги билбей калышы мүмкүн эмес эле. Же болбосо сабатсыздыгынан, саткындыгынан ушундай иштерге жол берип келишкен. Бул коррупциялык схеманы ишке ашырууда, «Камеконун» башка чиновниктери сыяктуу эле, Хоменюктун аялы Марина Стивенс айым дагы күйөсүнө арка-жөлөк болуп, кыргыздын алтынынан көрсөтүп дагы, көрсөтпөй пайда көрүп келишкен.

Маселен, Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын маалыматына караганда, «Центерра Голд Инк.» компаниясынын жылдык отчетунда М. Стивенс айымга 2001-жылы – 138 миң АКШ долл., 2002-жылы – 331 миң АКШдолл., 2003-жылы – 508,0 миң АКШ долл. гонорар катары төлөнүп берилиптир.

2008-жылга чейин жалпы жонунан 1 миллиондон ашык доллар гонорар алыптыр (Булак: папка 15,133 бет).

Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы ошондогу Премьер-министр Ж. Сатыбалдиевдин колу коюлган №34 токтомдо, Л. Хоменюктун аялы М. Стивенс КОК, Камеконун, Центерранын консультанты катары 2002–

2004-жылдары 1,2 млн. АКШ долларын, андан кийин 2006–

08-жылдары Центеррага кызмат көрсөтүп 1,4 млн. канада долларын алганын маалымдаган.

«Центерра голд» компаниясынын 2006-жылга карата жылдык отчетунда, компания Хоменюктун аялы М. Стивенс менен консалтингдик келишим түзгөнүн маалымдап, ушул келишимге ылайык, эл аралык чарбалык ишмердүүлүккө байланыштуу укуктук жана экономикалык маселелер боюнча тиешелүү консультациялык кыз-

мат көрсөткөндүгү үчүн 200 миң канадалык доллар аларын билдирет. Ошондой эле директорлор кеңешинин тапшырмасы боюнча компанияга кошумча кызматы үчүн саатына 275 доллар алып турган экен. 2006-жылы М. Стивенс айым жалпы жонунан 589 455 канадалык доллар алганын билип коюу ашыкча болбос.

Мен жогоруда сөз кылган алтын ылгоочу комбинаттын долбоордо каралган баадан кымбат курулушу, төлөнбөй келген

салыктар, жумушчулардын өндүрүш процессиндеги өлүмү, Барскоон трагедиясы жана башка мыйзам бузуулар Лен Хоменюк «Камеко», «Центерра голд» компанияларында жетекчилик кызматты аркалап турганда болгон. Ал мыйзам бузуулар боюнча бир жолу дагы жоопко тартылган жок. Бардык учурда «суудан кургак» чыгып жүрдү.

Анан дагы ушул маселеге улай айта кетүүчү нерсе, негизи (башка мамлекеттерде деле бар) Канадалык мыйзам боюнча канадалык жаран үчүнчү жакта ишмердүүлүк жүргүзүп, ошол жактын мыйзамын одоно түрдө бузуп, коррупцияга малынса, өз өлкөсүндө катуу жазага тартылат. «Центерранын» президенти Лен Хоменюк АКШнын Невада штатындагы «Рен» кенинин үлүшүн сатып жибергени – муну эл аралык деңгээлдеги олуттуу мыйзам бузуу болгон деп эсептесе болот. 2009-жылдагы И. Чудинов кол койгон Башкы келишимге ылайык, Кыргыз Өкмөтүнүн уруксаты жок «Центеррадагы» үлүштү сатууга Л. Хоменюктун акысы жок болчу. Тагыраагы 2010-жылдары эле «Centerra Gold Inc.» америкадагы REN (Невада) биргелешкен ишканасындагы Кыргыз Өкмөтүнүн 64 пайыз үлүшүн Homestake Mining Co компаниясына (дочерняя компания канадалык Barrick Gold компаниясынын туунду компаниясы) 35,2 миллион АКШ долларына сатып жиберген. Жыйынтыгында Homestake Mining РЕН долбоорунун акциясынын 100 пайыз ээси болуп калган. Мында Лен Хоменюктун ролу өтө өзгөчө. «Центерранын» ири акционелеринин бири болгон «Кыргызалтын» мында канча киреше тапты? Кыргыз Өкмөтүнүн макулдугун алдыбы? Бул тууралуу бир дагы маалымат жок. Биздин Өкмөт Тышкы иштер министрлиги аркылуу Канаданын бийлигине нота жиберип, Лен Хоменюктун абийирин ачкан маалыматты беришкенде, анда ал өз өлкөсүндө тийиштүү жазасын алар беле?..

Канткен менен Хоменюк канадалыктарга опол тоодой эмгек кылып берди. Ошол эле учурда, Кыргызстандын мамлекет баш- чыларынын эки жүздүүлүгүнө чыдап тура албады окшойт. Себеби, бир күнү эле чак түштө түшкөн чагылгандай Кыргызстан- дын коопсуздук комитети «Камеко», «Кумтөр оперейтинг», «Кумтөр голд» компанияларын мурда башкарып келген АКШ менен Канаданын жараны Леонардо Хоменюктун арызын жарыялады. Анда Лен Хоменюк чет өлкөдө туруп алып, Акаев учурунда «Кыргызалтындан» мыйзамдуу жана мыйзамсыз жолдор аркылуу акча талап кылып турганын жар салган. Башкы прокуратурага 665 беттен турган материалдарды, далилдерди мен тизме менен өткөрүп бергем.

Мына ушул билдирүүдөн кийин, 2014-жылы Алмазбек Атамбаев Президент болуп турганда, Лен Хоменюкка коррупция беренеси боюнча күнөө коюп, Интерпол аркылуу издөө жарыялаган. 2014-жылдын 27-июлунда эл аралык издөөдө жүргөн Хоменюк Болгариянын чек арасынан өтүп баратканда кармалып, үй камагына алынган болчу. Болгариянын соту Кыргыз Өкмөтү Л. Хоменюкка кылмышка шектүү адам катары жетиштүү маалымат бербегенин билдирген. Андан кийин, аталган өлкөнүн Видин шаарынын округдук сотунун отурумунда Кыргызстан менен Болгариянын ортосунда кылмышкерлерди берүү жөнүндө эки тараптуу макулдашуу жок экендигине таянып, Лен Хоменюкту экстрадициялоого каршы чечим чыгарган. Лен Хоменюкту издөө ошо менен токтогон.

Хоменюктун билдирүүсүнөн улам, Алмазбек Атамбаев

2017-жылдын 24-июлунда журналисттер менен жолугушууда, «Кумтөр» долбоорунда биздики 67% болгон, кийин 16% болуп калды. Мен жеке өзүм эч качан кечирбеймин...» деген эле. Акаев Атамбаевдин каарына калган экен, адилеттүү чечим эми чыгат го деген үмүт артканбыз. Биз ойлогондой болбой калды. Мурда «Кумтөргө» байланыштуу кылмыш иштеринин мөөнөтү өтүп кеткенине шылтоо кылып, сот ишин токтотуп келишкен. Кыргызстан үчүн пайдасыз келишимдерге түздөн-түз катышып жүргөн Хоменюктун айтканын далили катары пайдаланып, келишимдерди териштирүүгө юридикалык жактан жол ачылган эле. Ошондуктан, Алмазбек Атамбаев мурдагы жылдары Л. Хоменюк менен бирге мыйзамсыз келишимдерге кол койгон Кыргызстан тараптын Өкмөт башчыларына, министрлерине мыйзамдык жактан чара көрүүнү унутуп койду, же А. Атамбаев аны каалаган жок. Себеби, өзүнүн «былыгы» чыгып калышы мүмкүн эле. Негизи «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын башчылары Дастан Сарыгулов, Алмазбек Жакыпов, Дилгер Жапаров, Токон Мамытов баш болгон жана башка жетекчилер эмне иш кылышты белгисиз. Лен Хоменюк мамлекеттик ишкананы күнөөлөп жатса, эмне үчүн алар өз пикирлерин билдирбеди?.. Же улуу балээдин унчукпай кутулуп кетели дештиби? Башкы прокуратура эмнеге жаңы жагдайлар боюнча кылмыш ишин козгогон жок?

Туура, Президент, Өкмөт башчысы, «Кыргызалтындын» президенти күнөлүү деп келатабыз. Ошол документтерди даярдап, эсеп-кысабын чыгаргандар, демилге көтөргөндөр жөнүндө эмне үчүн сөз кылбайбыз? Алар эмнеге жоопко тартылбайт? Азыр деле андай адистер Өкмөттүн аппаратында, Президенттин жанында иштеп жүрүшөт. Мурунку Башкы

прокурорго, Финансы полициясы, Бажы кызматынын башчыларына канча сунуш айттым. «Кыргызалтындын» жетекчилеринин бардыгы «аппак» эмес. Мисалга алсак, Дилгер Жапаров, 2012-жылдагы киреше үчүн деп, «Центерранын» эсебине 200 миллион доллар дивидендди мыйзамсыз которуп жибергени парламентте ызы-чуу жараткан. Алтын казып алууда ишкана 150 миллион доллар чыгым менен чыкканына карабастан Д. Жапаров канадалыктарга ушундай «колу ачыктык» кылган. Муну жөн эле жасаган жок да. Кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдаланган мыйзам бузуусуна укук коргоо органы мындай баа берип:

– Киреше боюнча чечим акционерлердин жылдык жыйналышында кабыл алынат. Ал 2012-жыл аяктагандан соң кийинки жылдын 1-майынан кечиктирилбестен кабыл алынышы керек болчу. Бирок Жапаров өзүнүн бөлүштүрүүчү жана башкаруучу укуктарынан пайдаланып, «Кыргызалтындын» жана Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын эске албастан, «Центерранын» пайдасына иштеген. Ал 2012-жылды компания 150 миллион доллар чыгым менен аяктаганына карабай, Директорлор кеңешинин башка мүчөлөрү Ян Аткинсон, Андрей Сазанов менен биргеликте чечим кабыл алган. Башкача айтканда, түшкөн киреше жана мыйзамдуу зарылчылык жоктугун, ошондой эле 2013-жылы план боюнча дивиденд төлөөгө акча каралбаганын билип туруп, ушундай кадамга барган» деп айып коюп, кылмыш ишин козгогон.

Эң кызыгы, «Центеррага» 200 милллион доллар дивидендди которуу боюнча Директорлор кеңешинин чечими Кыргыз өкмөтү менен «Центерра» 50/50 пайыздык тең үлүшкө ээ болгон жаңы келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр кызуу жүргүзүп жаткан кезге туш келген. Муну дал келүү, же кокустук деп айтууга мүмкүн эмес.

Бир кезде «Кумтөр» алтын кенин саясый курал катары пайдаланып жүргөн Атамбаев, мамлекеттин башчылыгына келгенден кийин, «Камеко», «Центерранын» мурдагы жетекчиси Хоменюк Акаевди ачык күнөөлөсө дагы, жөндөн-жөн эле канадалык компанияга «Кыргызалтындын» эсебинен 200 милллион доллар которулуп жатса, ага адилеттүү мамиле жасап, кылмыш ишин аягына чыгарууга батынбады.

Эми Хоменюктун билдирүүсүнө келели. Хоменюк билдирүүсүндө тергөө органдары менен кызматташууга даяр экенин айткан. 2015-жылы 21-октябрь айында «Азаттык» радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде Кыргызстандын прокуратурасынан, тергөө органдарынан качпай тургандыгын төмөндөгүчө

билдирген:

«Азаттык»: У следователей есть много вопросов к вам, другим канадским и кыргызстанским руководителям. Обвинения касаются экологических и технических нарушений при добыче золота, также без ответа остаются вопросы о том, почему в самом начале не был проведен открытый и честный тендер, технико-экономическое обоснование писали иностранцы, почему кыргызстанские и канадские инвесторы делили не добытый драгметалл, а полученную от его продажи прибыль. Вы говорите, что сможете все объяснить, всему есть причины. Вы не будете избегать разговора с кыргызстанскими прокурорами, следователями?

Хоменюк: В марте этого года я отправил в Кыргызстан письмо, в котором указал, что могу встретиться с ними в любое время и ответить на все вопросы. Я написал, что могу объяснить все детали соглашения, о которых знаю. Генеральная прокуратура Кыргызстана мне так и не ответила. Я могу и сейчас показать вам это письмо. Я не избегаю встречи, но только вне пределов Кыргызстана. Если надо, я могу прийти в Посольство Кыргызстана в США. Розыск через Интерпол по «красному циркуляру» говорит о том, что кыргызстанские следователи не знают место моего проживания. Я не прячусь, меня можно легко найти через Интернет.

«Азаттык»: Я нашла вас через Интернет за десять минут, кстати. У вас есть акции «Центерры»?

Хоменюк: Нет, с 2008 года в этом проекте у меня нет ни одной акции. С того времени я не ездил в Кыргызстан. За 16 лет, пока я работал на «Кумторе», в Кыргызстане сменились около 30 Премьер-министров. Такая нестабильность осложняет работу инвесторов и снижает доверие. Но я могу сказать, что кыргызстанские технические специалисты, которые со мной работали, являются специалистами мирового уровня. «Кумтор» – очень крупный экономический проект, но огорчает то, что он стал в Кыргызстане элементом политической игры. («Азаттык» радиосу, 21 октябрь 2015 жыл). деп агынан жарылган Хоменюк мырза.

«Азаттыктын» кабарчылары Хоменюкту Интернет аркылуу эле таап алышса, кыргыз укук коргоо органдары Интерполду жалдап, калп эле баягы Бирштейндин жоругу жугуп, «ит-мышык» ойнотуп жүрүшөт. Мындан ким утуп жатат? Алмазбек Атамбаев «Кумтөр» кениндеги коррупциялык көрүнүштөрдүн бетин ачып, кыргыз эли үчүн адилеттүү чечимдин аягына жетип, тарыхта кала турган мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган.

Кубанычбек Исабеков, экс-депутат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости