www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык ырчы Григорий Лепстин Чолпон-Атада пландалган концерти өтпөй турган болду. Бул тууралуу концерттин уюштуруучулары 6-июлда «Азаттыкка» ырастап, буга «коомдогу каршы пикирлер негиз болгонун» билдиришти.

Лепстин концерти 2-августта Чолпон-Ата шаарындагы Айтматов аллеясында өтмөк. Бул жарыя социалдык тармактарга чыккандан кийин айрымдар анын Кыргызстанга келишине каршы экенин жазып чыгышкан. 

Буга чейин Григорий Лепстин Өзбекстанда 23-октябрга пландалган концерти да жокко чыгарылган. Буга өзбекстандыктардын социалдык желедеги нааразылыгы себеп экени айтылган. Активисттер Телеграмда #LepsKerakmas (Лепс керек эмес) хэштеги менен нааразылык өнөктүгүн башташкан.

Орусиялык ырчылар Григорий Лепс менен Николай Басков ошондон бир нече апта мурун Украинанын Куралдуу күчтөрүнө таандык танктарды жок кылгандарга бир миллион рубль сыйлык бере турганын билдиришкен. Андан кийин Лепстин Казакстандагы концерти да токтотулган.

Буга чейин орусиялык рэпер Моргенштерндин 23-24-июнда Бишкекте Alga Fest музыка фестивалына катышары коомдо кызуу талкуулангандан кийин уюштуруучулар ырчы иш-чарага катышпай турганын билдирген.

Булак: NazarNews kg

Последние новости