www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Террорчулукка шектелгендердин экөө Нидерландыда,ал эми бешөө Германияда кармалды. Тизмеде Кыргызстандын жарандары бар.

Германиянын Башкы Прокурорунун сайтында төмөндөгү адамдардын камакка алынганы айтылат:

Түркмөнстандын жараны Ата А.;
Тажикстандын жараны Мухаммадшужо А.;
Кыргызстандын жараны Аброржон К.;
Тажикстандын жараны Нуриддин К.;
Тажикстандын жараны Шамшуд Н.;
Тажикстандын жараны Саид С.;
Тажикстандын жараны Рабони З.

Камакка алуулар Түндүк Рейн-Вестфалия федералдык штатынын ар кайсы жерлеринде болгон. Кармоо Нидерландиянын тергөө органдары менен макулдашылып, бир эле учурда дагы эки адам кармалган.

"Германияда кармалган адамдар жергиликтүү террордук уюмду түзгөн жана ага катышкан деп шектелүүдө. Алар ошондой эле чет элдик "Ислам мамлекети" террордук уюмун колдогон деп айыпталууда", - деп билдирди Германиянын Башкы прокуратурасы.

Кармоо ордеринде жогоруда аты аталган жети шектүүнүн бири-бири менен көптөн бери тааныштыгы жана радикалдуу ислам идеологиясын карманышаары айтылат.

2022-жылдын жазында Украинада атайын операция башталгандан көп өтпөй алар ал жерден Германияга дээрлик бир убакта келишкен. Алар 2022-жылдын июнь айынын аягында Германияда террордук уюм түзүп, өлкөнүн ичинде "Ислам мамлекетинин" духунда резонанстуу теракттарды ишке ашырууну көздөшкөн. Бүгүн Нидерландияда камакка алынган адам да бул уюмдун мүчөсү болгон. Уюм "Ислам мамлекетинин" аймактык уюмунун чет өлкөлөрдө жашаган Хорасан провинциясынын (ISKP) мүчөлөрү менен байланышта болгон. "Планын ишке ашыруу үчүн шектүүлөр Германиядагы буталарды карап, мүмкүн болгон кылмыш жерлерин текшерип, курал-жарак алууга аракет кылышкан", - деп билдирди Башкы прокуратура.

Аброржон К.дан тышкары Германияда камакка алынган шектүүлөр 2022-жылдын апрелинен бери "Ислам мамлекетине" каражат чогултуп, бир нече жолу акча которушкан.

Шектүүлөр 6 жана 7-июлда федералдык соттун тергөө судьясынын алдына чыгышы керек. Сот аларга камакка алуу ордерлерин окуп, баш коргоо чарасын колдонуу боюнча чечим чыгарат.

Нидерландынын прокуратурасы өз кезегинде 6-июлда террорчулукка шектелип 29 жаштагы киши менен анын 31 жаштагы жубайы  кармалганын билдирди.

"Тажикстандык кармалган киши кыргызстандык аялы менен Нидерландда 2022-жылдан бери жашайт. Аял Бредадан, эркек киши Эйндховенден кармалды. Экөө тең террордук кылмыштарды жасоого даярдык көрүү аракеттерин жасаган деп шектелүүдө. Эркек киши  "Ислам мамлекети" террордук уюмуна мүчө деп шектелүүдө", - деп белгилейт Голландиянын прокуратурасы.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Германияда жашаган бир нече адамдар менен байланышта болгондуктан, Нидерландиянын укук коргоо органдары немис кесиптештери менен кызматташкан. Германиялык иликтөөнүн алкагында жети киши камакка алынган.

Эки шектүү жума күнү 7-июлда Роттердамдагы тергөө судьясынын алдына чыгат. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аларга адвокаттары менен гана сүйлөшүүгө уруксат берилген.

Түндүк Рейн-Вестфалиянын ички иштер министри Герберт Реул 15 объектте тинтүү жүргүзүлгөнүн билдирди.

20 жаштан 46 жашка чейинки кармалган жети шектүү адам кооптуу адамдар катары бийликтердин байкоосуна түшүп калганын айтты. Ал кошумчалагандай, азырынча курал-жарак табыла элек.

Украиналык качкындар менен кошо Германияга келген шектүүлөргө көңүл бурган Ройл:

"Тилекке каршы, согуштан качып, башпаанек издеген эбегейсиз сандагы адамдардын арасында жаман ойлуулар бар экенин көрүп жатабыз, бирок... биздин коопсуздук органдары сергек жана муну өз радарынан көрүп турушат", - деди.

Булак: NazarNews kg

Последние новости