www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон парламенттин ишин беш аптага токтотуп турууну Королева Елизавета II суранды. Жашыруун кеңеш Королева премьер-министрдин өтүнүчүн колдогонун маалымдады. Демек, парламент 9-12-сентябрда ишин токтотуп, 14-октябрда гана улантат. Дал ушул кунү Королева парламентте кайрылуу жасап, өкмөттүн жаңы программасын жарыялайт.
Бул күтүүсүз деле болгон жок, премьер-министр программасына даярдануу үчүн кылымдардан бери парламенттин ишин токтотуп турууну суранып келген. Өкүлдөр палатасы көп учурда апрель же май айында ишин токтотот. Бирок Жонсон Британиянын Европа Биримдигинен чыгуу же "Брексит" мөөнөтүнө жакындаганда Королевага кайрылганы талкууга жем таштады. Себеби, өкүлдөр палатасы "Брексит" боюнча жараяндарга толук кандуу катыша албай калат. Айрым депутаттар премьер-министрдин кадамы конституцияга каршы келет дешүүдө.Жонсон болсо Европа Биримдиктен эч келишимсиз чыгып кетүү үчүн бул кадамга барды деген айыптарды четке кагып, аны "карандай калп" деп атады. Бирок 31-октябрга чейин эки тарап келишимге жетпесе, Британия уюмдан чыгып кетет. Парламент депутаттары болсо "келишимсиз Брекситти" токтотуу үчүн мыйзам кабыл алууга жетишпей калат. Парламент 3-сентябрда ишин баштап, премьер-министрдин аракеттерин токтотууга умтулат деген жоромолдор айтылууда.Талдоочулар "Брексит" талкуусунда Борис Жонсон "биринчи соккуну урду" деген пикирин айтышууда. Эми эмне болот?
Королева парламенттин ишин топтотпой койсо болбойт беле?
Жок, Королева андай кадамга бара албайт. Так айтканда, анын мамлекет башчы катары укугу бар, бирок бул өлкөдө монарх ички саясатка кийлигишпейт. Королева өз алдынча саясий чечимдерди дагы кабыл албайт, ал премьер-министрдин сунушун гана аткарат. Елизавета II бир дагы жолу ички саясатка кийлигишкен эмес. Британиянын монархы акыркы жолу 1931-жылы саясатка кийлигишкен. Анда Елизаветанын чоң атасы Георг V бийликтеги партияны кризис учурунда бирдиктүү өкмөт түзүүгө үндөгөн.
Британия кандай шарттар менен Европа Биримдиктен чыгып кете алат? Эмнеге Жонсон "келишимсиз Брекситти" жактайт?
Британия уюмдан чыгып кеткен күнү деле абал эки-үч жыл бою өзгөрбөйт. Бул мөөнөт ичинде кийинки кадамдар боюнча мунаса тапса болот. Ал эми "Келишимсиз Брекситте" Лондон уюм менен кырк жылдык мамилесин дароо үзөт. Британия эң негизги соода өнөктөшү менен катаал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аргасыз болот. Жонсон болсо мунаса табууга аракеттенип жатканын айтууда. Бирок премьер-министр Европа Биримдигинин шарттарына макул эмес. Ошондуктан ал "келишимсиз Брекситти" четке какса болбойт деген пикирде.
Талдоочулар Жонсон саясий оюн уюштуруп жатат дешүүдө. Саясат таанычуулардын айтымында, премьер-министр "келишимсиз Брекситти" каалабайт. Бирок бул кадамга коркпой барарын көрсөткүсү келет. Буга чейин "Брекситти" колдогондор Тереза Мэй ЕБ менен сүйлөшүүлөрдү токтотууга даяр эмес болчу деген пикирде эле. Ал эми Жонсон катаал позициясын көрсөтүп, Европа Биримдигин компромисске түртүп жатат.
Экинчиден, Консерваторлор партиясында премьер-министр катары дайындалышы үчүн Жонсон "Брекситти" колдогондордун жүрөгүнөн түнөк табышы керек эле. Дал ушул себептен ал Британия эмне болсо да 31-октябрда Биримдиктен чыгып кетет деп убада кылган.
Үчүнчүдөн, Консерваторлор партиясы популисттер менен күрөшүү, партиянын биримдигин жана бийликти сактап калуу үчүн Европа Биримдиктен чыгуу боюнча референдум өткөргөн. Жумшак "Брексит" аркылуу партия көздөгөнүнө жете албайт.
Дүйнөдөгү экономикалык олку-солку абалды эске алганда, "Брексит" кандай таасир этиши мүмкүн?
Британия менен Европа Биримдиги "Брекситтен" эки тарап тең утуларын мойнуна алышат. Өзгөчө "келишимсиз Брексит" региондогу экономикага чоң сокку болот. Европа мамлекеттеринин ички дүң өндүрүмү 19 триллион долларды же дүйнөдөгү экономиканын 20 пайызын түзөт. Бул аймактагы олку-солку абал дүйнөлүк экономикага таасир этери калетсиз. Учурда Дональд Трамптын соода согушунан улам дүйкөлүк экономика кризиске кептелди. Кытай менен АКШ валюта согушун баштайт деген дагы кооптонуулар айтылууда. Фунт кунун жоготсо, экономикалык кризис тереңдейт.
Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»