www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бир катар кылмыш иштерине байланыштуу суралып жатканын ырастады. Мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур бул боюнча «Азаттыкка» комментарий берип, бирок алар кайсы иштер экенин ачык айткан жок.
«Жогоруда аты аталган жаран (ред: Өмүрбек Бабанов) бир катар кылмыш иштери боюнча күбө катары суралып жатат. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында ал тез-тезден суракка чакырылууда. Жазык-процессуалдык мыйзамдарына ылайык тергөөнүн жүрүшү ачык жарыяланбайт», - деди Пискур.
Өмүрбек Бабанов 29-августта Финансы полициясына кезектеги суракка кирип чыккандан кийин, азыркы тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) ага байланыштуу төрт иш, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) дагы төрт иш иликтенип жатканын айткан. Тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоо боюнча кол коюп бергенин жүйө кылып, ал иштерди ачыктаган эмес.
Ал эми УКМК «тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн» деп, Бабановго байланышкан иштер боюнча эч кандай маалымат берген жок. Буга чейин белгилүү болгондой, Бабанов «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып боюнча УКМКга сурак берип жатат.
Ал эми Финансы полициясында «Кыргызстан» коммерциялык банкына байланыштуу быйыл апрелде жанданган кылмыш иштери боюнча күбө катары суралууда. Бабанов 2017-жылдагы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Президенттик шайлоодон кийин Орусияга чыгып кеткен. Ал 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген, деп "Багыт.kg" өз пикирин коомчулукка жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg