www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“ИИМдин мурдагы өкүлү Курсан Асанов мекенчил жана ага козголгон кылмыш калыс каралуусу керек!” Мындай билдирүү менен бүгүн, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева, Кыргыз Республикасынын эл артисти Дарика Жалгасынова, эл жазуучусу Гүлсайра Момуновалар баштаган маданий интелигенциянын улуу муундагы өкүлдөрү бийликке кайрылуу жасашты.
Маданияттын ардагерлери, Курсан Асанов Баткен, Ош коогалаңдарында активдүүлүгүн көргөзгөндүгүн баса белгилешет. Ошондой эле чыр чыккан чек ара аймактарына анын башкалардан биринчи жетип, ыкчам чараларды көргөндүгү дагы эске алынат. Айтымдарында адилеттүүлүк болбой жатат.
Эске сала кетсек, Курсан Асанов, 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясынан кийин “Милициянын кызыкчылыктарын сатты” деп айыптылып, анын үстүнөн кылмыш иши козголгон.
Булак: "NazarNews.kg"