www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын баш калаасы Лондондун түштүк бөлүгүндө полиция жөн-жай тургундарга бычак менен кол салган бир кишини атып өлтүрдү. Британ полициясы бул окуянын террорчулукка байланышы болушу мүмкүн экенин билдирди. Стретем аймагында жекшемби күнү түш оой орун алган кол салуудан бир нече адам жараат алганы кабарланды.

"Азырынча бир нече адам бычакталды деген маалымат бар. Окуянын чоо-жайы такталып жатат", - деп билдирди Лондон полициясы "Твиттердеги" барагы аркылуу.

Күбөлөр үч жолу ок атылганын угушканын айтып жатышат. Интернеттеги видео жана сүрөттөрдөн кол салуу болгон аймак курчоого алынганын, полициянын жана тез жардамдын автоунаалары топтолуп турганын көрүүгө болот.

Последние новости