www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларус президенти Александр Лукашенко орус президенти Владимир Путинге жаңы жылдык белек катары төрт кап картөшкө жана чочконун майын (сало) белекке жиберди. Бул тууралуу Беларус президентинин басма сөз катчысы Наталья Эйсмонт маалымдады.

Лукашенко КМШнын башка өлкө башчыларына колго жасалган оюнчук балатыларды белекке жиберген. Ал эми Путин Лукашенкого эмне белек кылганы айтылган жок.

Лукашенконун Путинге белеги тууралуу маалымат 29-декабрда Москвада эки лидердин жолугушуусунан кийин чыккан. Бул Орусия менен Беларус башчыларынын акыркы аптадагы экинчи жолку жолугушуусу. Ишембиде Путин менен Лукашенко үч сааттан ашык маектешип, бирок алардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндө бул сапар да коомчулукка айтылган жок.

Эки өлкө лидеринин жолугушуусу Орусия-Беларус мамилелери, өнөктөштүктүн келечеги жөнүндө ар кандай кептер тарап жаткан учурга туш келди. Лукашенко жыл башынан бери бир нече жолу Орусиянын басымы жөнүндө кыйытып айткан. Декабрь айында Лукашенко Москва Беларустун эгемендүүлүгүнөн баш тартууга түртүп жатат деп ачык айтып чыккан. Ал эми Москва Беларус соодада негизсиз өзгөчө жеңилдиктерди калтырууга талап кылып жатат деп билдирген.

Булак: Азаттык

Последние новости