www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министр башы менен жалпы журтка калп айтууга кандай баа берүүгө болот? Болгондо да жаш жана жаңы министр. Карт бөрүлөрдүн калпына көнүп бүттүк эле. Эми жаш улактар жар башынан алыс секирип ойной башташыптыр.
Дегеним, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Марал» радиосунун «Айлампа» программасына келип суроолорго жооп берүүгө макулдугун берип, бирок келбей койгонуна байланыштуу угармандар түз эфирге чыгып бир топ нааразычылыктарын билдиришти. Байланышка чыккан угармандардын арасында министрдин бул жоругун жоопкерчиликтен качуу катары баалагандар да болду.
Алардын арасында «Жамангуловдун программага келбей койгону - элдин суроолоруна жооп бербейм деген түшүнүк. Канчалаган депутаттар, министрлер келип, эл менен жолугуп, суроолорго жооп берип жатат. Биздин өкмөт ушундай коркок кишилер менен иштешпесе өнүкпөйбүз» - деген билдирүүсүн калтырган угармандардын бири.
Мындан сырткары, Жаманкулов эфирге келбей койгонуна байланыштуу эми премьер-министр МухамедкалыйАбылгазиев тийиштүү чара көрөт дегендер дагы болду. Бул боюнча министр өзү не дээр экен. Балалык кылып кичине ойноп кеттим эле дебесе эле болду.
Арийне, бала деген бала да, кээде ойноп кетип, ар нерсеге алаксып кала берет эмеспи...
Булак: "Де-Факто"