www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мадумаров чындыкты айтты

Президент Жээнбеков экстерди чо­гултуп, ал жерге келген ошол экстер­ге да сөз берет. Сөз кезеги экс-спи­кер Адахан Мадумаровго да келет. Ал болсо ошол жерден баарын жал­пайткандай эле кылды. Тим эле бет­терине муздак суу чачылгандай эле болду окшойт, «тиги киши» баш бо­луп.

«Минтип отура бергенден пайда чыкпайт... Азыр элдин бийликке бол­гон ишенимин кайтармайын бийлик программаларын алтын тамга ме­нен жазса да ишке ашпайт... Ал эми бүгүнкү кадрлар кандай принципте келип атат? «Мени жакшы көрөт, ме­нин айтканымды жасайт» деген прин­цип менен келип атышат. Мамлекет­ти чындап өнүктүрөлү десек мындай болбош керек» деп айтып, андан ар­кы сөзүндө жанындагы отургандар­ды да көгөртө чымчып алгандай эле кеп айтты «бир учурда ушул жерде олтургандардын дээрлиги «үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган» деп бата берип атпадыңар беле, эми теп­килеп атасыңар» деди.

Ал эми Жогор­ку Кеңештеги «120ларды» «Ал жерде кайсы интелигентиңер же окмуштуу­лар олтурат? Ал жерде базардан кел­гендер олтурат. Алар элге керектүү шайлоо мыйзамын да түзүктөп жаза алышпайт. Андай мыйзамды жазыш үчүн баш керек. Азыркы Жогорку Кеңеш-биржа!» дебедиби.

Телпеңде­бейли, арданбайлы, бирок Мадума­ровдун сөздүндө олчойгон чындык айтылды.

Булак: "Айгай"

Последние новости