www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мадумаров менен Масалиев сурактан чыкты

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев Башкы прокуратурага сурак берип чыкты.

Алдын ала маалым болгондой, Мадумаровдун сурагы түштөн кийин кайра уланат.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары сурак берип жатат.

Белгилей кетсек, Мадумаров 17-январда ортодо тыныгуу менен бир күн кечке сурак берген. Ал 14-январда дагы суракта болгон.

Ал эми Масалиев өз каалоосу менен сурак бергени белгилүү болду.

Эске салсак, былтыр октябрда Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол "кедергисин тийгизип жатканын" билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости